25Май2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ВАКАНСИЯ Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы ваканттык бош кызмат орунуна сынак жарыялайт 2017-жыл

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы ваканттык бош кызмат орунуна сынак жарыялайт 2017-жыл

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы бош орундарга сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жън\ндъ» мыйзамына ылайык Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тъмъндъг\ бош кызмат ордунуна сынак жарыялайт.

  1. «Уюштуруу иштери жана жергиликт\\ ъз алдынча башкаруу секторунун башкы адиси»-1 орун,  улук кызмат оруну.

Квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык  жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку  билим).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актылары  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

Билгичтиги:

- маалыматты топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү.

- элдин алдында сүйлөө).

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Конкурска катышууга талап кылынуучу документтер:

Жеке өзүнүн арызы, Өздүк баракчасы, резюме, Сүрөт 4х6 размердеги - 2 даана, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин, билими жөнүндөгү документтеринин (диплом) (нотариуста же иштеген жери боюнча күбөлөндүргөн) көчүрмөсү, Соттолбогондугу туралуу аныктама, ъм\р баян.

Документтер жарыя чыккан күндөн 10 к\н ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат. Кара-Суу шаары, Завод көчөсү 2 телефондор:(03232) 5-20-67

Моб: 0778-26-70-56