21Август2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Отуз-Адар айылдык кенешинин 26 сессиясынын токтомдору 020155-жыл

Отуз-Адар айылдык кенешинин 26 сессиясынын токтомдору 020155-жыл

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 1 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26 » июнь   2018–ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе       калктуу конушунун тургундарынын       Беш-Кепе калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 11-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.
  2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  3. «Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Беш-Кепе калктуу конушунун   тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                           Протоколу

Жаңы-Кызыл-Суу айылы                                                        11.06.2018-ж              

                            

Төрага: С.Нышанбаев

Катчы:   Ж.Кочкорбаев

Катышкандар:   Жаңы-Кызыл-Суу айылынын «Беш-Кепе» калктуу конушунун тургундары   65 адам

                                       Күн тартиби:

  1. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын   «Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»

Угулду:

       Жаңы-Кызыл-Суу айылынын     айыл башчысы Нышанбаев Сүйүнбек:

   «Өткөн кылымдын 50-60 –жылдары ушул жерлердеги адырларга   эл көчүп келип жер төлөө казышып, кепе тигишип жашай башташкан , ошондон улам калктуу конуш «Беш-Кепе»аталып калган. Азыркы күндө аталган участкада 90дон   ашуун үй-бүлө түтүн булатып келүүдө. Айылдын пайда болгондугуна алтымыш жылдан ашып баратса да калктуу конуш өз алдынча айыл макамына ээ эмес. Беш-Кепе калктуу конушунун эли каттоого турууда жана каттоодон чыгууда , шайлоолорго катышууда жана башка маселелерди чечүүдө кыйналып келүүдө»

Сүйлөштү:

«Беш-Кепе» калктуу конушунун тургуну Хусанбаев Каныбек:

     «Чындыгында эле Беш-Кепе калктуу конушунун түптөлгөндүгүнө көп жыл болсо да калктуу конушка айыл макамы берилбегендиги өкүнүчтүү. Айыл макамына ээ айылдар биздин калктуу конуштан бир канча жыл кийин пайда болушса да биздин айылдан озуп кетишип,өз инфраструктураларын жакшыртып алышты, себеби алар айыл макамын алуу менен өздөрүнө инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Беш-Кепе калктуу конушунун   эли айылдык кеңештен жана жогорку органдардан биздин калктуу конушка «Беш-Кепе» айылы деген макам берүүлөрүн суранабыз.»

«Беш-Кепе» калктуу конушунун   тургуну Мусакулов Абдрахман:

« Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан биздин калктуу конушка жаңы ат койбой эле эски аты менен   айыл макамын берүүлөрүн суранабыз.»

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш

                                                     Токтом кылат:

1. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын   «Беш-Кепе» калктуу конушун Беш-Кепе   айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.

2. Беш-Кепе калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы «Отуз-Адыр» айылдык кеңешинен   суралсын.

Чогулуштун тɵрагасы;                                           С.Нышанбаев.

Чогулуштун катчысы:                                        Ж.Кочкорбаев

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

     № 2     ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26 » июнь 2018-ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Чоок » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Чоок калктуу конушунун тургундарынын Чоок калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 17-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.
  1. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  2. «Чоок» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Фархад айылынын Чоок калктуу конушунун          

                                           тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                     Протоколу

Фархад айылы                                                                                17.06.2018-ж.

Төрага:                     Х.Апишев.

Катчы:                     И.Исаев.

Катышкандар; Чоок калктуу конушунун тургундары-69 адам

                                                      Күн тартиби;

  1. «Фархад айылынын Чоок калктуу конушуна   айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»

Угулду: Сөзгө Савай-Арык жана Фархад айылдарынын айыл башчысы Х.Апишев чыгып, чогулуштун катышуучуларына Чоок калтуу конушуна өзүнчө айыл айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып,чогулуштун катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.

Сөзгө чыккан Чоок калктуу конушунун аксакалы Заитов Данияр төмөндөгүлөргө токтолду;

        Ассалому алейкум урматтуу Чоок калктуу конушунун тургундары.Айыл башчы Х.Апишевдин сөзүнө кошуламын. Ошондой эле Чоок калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү абдан зарыл себеби, Чоок калктуу конушунун инфраструктурасында акыркы элүү жыл аралыгында өзгөрүш болгон жок, жаңы социалдык объект курулбады..

       Андан кийин сөзгө Эшенчаев Нышан чыгып, ал өз сөзүндө калктуу конушка айыл макамынын берилишин колдоорун айтты.Себеби Савай-Арык айылынан 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоок калктуу конушунда азыркы учурда бир дагы социалдык обьект түшкөн эмес,100 кожолуктан ашкан Чоок калктуу конушу өзүнчө макамга ээ болсо көп чечилбеген маселелер чечилет.Андан кийин сөзгө чыккан Исаев Искак,Рахимбеков Имон,Асамидинов Турдубай,Асамидинов Абибилла,Кошоков Жолчу жана башкалар Эшенчаев Нышандын,Заитов Даниярдын сунуштарын колдошорун билдиришти.Ошондой эле чогулуштун атынан Чоок калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин чечип берүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап   жалпы чогулуш

                                                 Токтом кылат:

  1. Савай-Арык айылынын Чоок калктуу конушун Чоок айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
  1. Чоок калктуу конушуна       айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
  2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.

Чогулуштун төрагасы:                                                               Х.Апишев.

Чогулуштун катчысы:                                                                 И.Исаев.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

       № 3 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26 » июнь   2018–ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Кожом-Бак » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Кожом-Бак калктуу конушунун тургундарынын Кожом-Бак калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 14-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.
  2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  3. «Кожом-Бак» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу      

                         конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                   Протоколу

Савай-Арык айылы                                                                              14.06.2018-ж.

Төрага:                    Х.Апишев.

Катчы:                     М.Мусаева.

Катышкандар; Кожом-Бак калктуу конушунун тургундары-73 адам.

                                                     Күн тартиби;

  1. «Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»

Угулду: Сөзгө Савай-Арык айылынын айыл башчысы Х.Апишев чыгып ,чогулуштун катышуучуларына Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып,чогулуштун катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.

Сөзгө Кожом-Бак калктуу конушунун тургуну Абытов Адыл чыгып төмөндөгүлөрдү айтып өттү;

«Урматтуу айылдаштар мен айыл башчынын сөзүнө кошулам,анткени биздин калктуу конуш Савай-Арык айылынан 3 км алыстыкта жайгашкан.Бүгүнкү күндө 100 кожолуктан ашык түтүн жашайт.Көпчүлүк учурда биздин калктуу конушка жакшы көңүл бурулбай кээде социалдык маселелерибиз чечилбей жатат.Айыл макамын алууга толук шарт бар.Ошондуктан мен биздин калктуу конушка айыл макамы берилишин колдойм.»

   Андан кийин сөзгө чыккан айыл аксакалы Абдубалиев Абыт төмөндөгүлөргө токтолду;

   «Саламатсыздарбы урматтуу Кожом-Бак калктуу конушунун тургундары мен Абытов Адылдын сөзүнө кошуламын.Азыркы учурда биздин калктуу конушка бала бакча куруу учурдун талабы.өзүбүздүн Кожом-Бакта ФАП курулса өтө мыкты болмок. Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамы берилсе ушул маселелер чечилмек. Ошондуктан баарыңыздарды бул маселени колдоого чакырам.»

       Андан кийин сөзгө чыгышкан Обидов Абдывахаб, Жумабаева Анар, Исмаилов Кадыр, Юлдашев Абдымомундар жана башкалар Абдибалиев Абыт,Абытов Адылдын сөздөрүн колдошорун билдиришти жана өздөрүнүн атынан Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин чечип берүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш

                                             Токтом кылат:

1.Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу конушун Кожом-Бак айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.

2.Кожом-Бак калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.

Чогулуштун төрагасы:                                                       Х.Апишев.

Чогулуштун катчысы:                                                        М.Мусаева.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

       №    4  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26» июнь 2018–ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Казак» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Казак калктуу конушунун тургундарынын Казак калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 20-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.
  1. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  2. «Казак» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кыш-Абад айылынын Казак калктуу конушунун   тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                           Протоколу    

Кыш-Абад айылы                                                                                 20.06. 2018-ж                      

Чогулуштун төрагасы: Артыков Абдыманап

Чогулуштун катчысы: Асамидинов Бакыт

Катышкандар: Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун тургундары -51 адам

                                     Күн   тартиби:

  1. «Кыш-Абад айылынын   «Казак» калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»

Угулду:

Кыш-Абад айылынын айыл башчысы Исматов Расул

           «Өткөн кылымдын 20-30 жылдары ,ачарчылык мезгилинде Казахстандан казактар ооп келип ушул жерде жашап калышкан экен.Кийинчерээк, заман оңолгондо казактар көчүп кетишип «Казак» калктуу конушу деп аталып кала берген.

Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун эли өз алдынча макамга ээ болбогондуктан эл каттоодо, каттоого турууда жана каттоодон чыгууда , шайлоолордо ж,б иштерде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда, айылда жадагалса ФАП жок.

Азыркы учурда Казак калктуу конушунда   33 кожолук бар болуп 215 адам жашап турат.

Кожолуктун жана калктын саны СОАТЕде катталуу талаптарына жооп берет жана калктуу конуш айыл макамын алууга толук укуктуу. Ушул Казак калктуу конушуна айыл макамы берилсе инвестиция тартуу,калктуу конуштун инфраструктурасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок»

Сүйлөштү:

«Казак» калктуу конушунун тургуну Булашбаев Абдишүкүр:

             «Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун тургундары Отуз-Адыр   айылдык кеңешинин депутаттарынан биздин калктуу конушка   айыл макамын берүү маселесин сессияда   карап чыгып , калктуу конушубуздун аталышын өзгөртүүсүз калтырып, калктуу конушубуздун   айыл макамын алуусу үчүн токтом чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз.»

«Казак» калктуу конушунун тургуну Амиров Абдивали:

     «Айыл башчыбыз Исматов Расул айткандай «Казак» калктуу конушуна айыл макамы берилсе бизге инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок,   инфраструктуранын жакшырышына өбөлгө түзүлмөк.»

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана

талкуулап чогулуш

                                       Токтом кылат:

1. Кыш-Абад айылынын   «Казак» калктуу конушун Казак айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.

2. Казак калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.

       өрага:                                            А. Артыков.

       Катчы:                                             Б. Асамидинов      

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

   № 5 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26 » июнь   2018–ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Зымырык » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Зымырык калктуу конушунун тургундарынын Зымырык калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 12-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.
  1. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  2. «Зымырык» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын Зымырык калктуу конушунун          

                                         тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                       Протоколу

Отуз-Адыр айылы.                                                                                                            12.06.2018-ж.

Төрага:                     Н.Жакыпов.

Катчы:                       Б.Сыдыков.

Катышкандар;»Зымырык» калктуу конушунун тургундары-153 адам

                                                       Күн тартиби:

  1. «Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» калктуу конушуна   айыл макамын берүү маселеси жөнүндө».

Угулду:Сөзгө Отуз-Адыр айылынын айыл башчысы Н.Жакыпов чыгып жыйындын катышуучуларына Зымырык калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып жыйындын катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.

            Сөзгө чыккан Зымырык калктуу конушунун тургуну Эргешов Гулам аксакал чыгып төмөндөгүлөргө токтолду;

Мен айыл башчы Н.Жакыповдун айткандарына кошулам. Анткени биздин калктуу конушубуз Отуз-Адыр айылынан 1 чакырым алыста жайгашкан. Көпчүлүк учурда биздин калктуу конушка жакшы көңүл бурулбай кээде зарыл социалдык маселебиз чечилбей калат. Чечүүнү талап кылган маеселелер көп. Мисалы: Таза суу, жол, электр чубалгыларын алып келүү .Бүгүнкү күндө биздин калктуу конушта 250дөн ашуун кожолук жашайт. Айыл макамын алууга толук шарт бар. Ошондуктан мен биздин калктуу конушка «Зымырык» айылы деп өзүнчө айыл макамы берилүүсүн колдоймун.

Андан кийин     сөзгө чыгышкан Зымырык калктуу конушунун тургундары Сыдыков Гулам, Тешебаев Абдразак, Матпазылов Кенжебай, Жээнбеков Сейиткасым жана башкалар   жогорудагы чыгып сүйлөшкөн атуулдардын сунуштарын колдошоорун билдиришти жана өздөрүнүн атынан Зымырык калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин тездетүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш

Токтом кылат:

  1. Отуз-Адыр айылынын Зымырык калктуу конушун Зымырык айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
  1. Зымырык калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш-кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
  1. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.

Чогулуштун төрагасы:                                                    Н.Жакыпов

Чогулуштун катчысы:                                                    Б.Сыдыков

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXVI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

     № 6 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                      « 26 » июнь   2018–ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Ош-3000» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Ош-3000 калктуу конушунун тургундарынын

Ош-3000 калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 21-июнунда ɵткɵрүлгɵн  чогулушунун протоколу бекитилсин.

  1. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
  2. «Ош-3000» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын   Ош-3000 калктуу конушунун     тургундарынын жалпы чогулушунун

                                                         Протоколу

   Савай-Арык айылы                                                                    21.06.2018-ж                                                        

Төрага: Төрөгелдиев Камал

Катчы:   Юсупова Гулчехра

Катышкандар: Савай-Арык айылынын «Ош-3000» калктуу конушунун тургундары 47-адам.

Күн тартиби:

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын   Ош-3000 калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»

Угулду:

Савай-Арык айылынын айыл башчысы Апишев Хурвай:

     «Ош-3000 калктуу конушунда 1995-жылдары тургундарга жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып берилип эл отурукташа баштаган.

Ош-3000 калктуу конушунун эли эл каттоодо, шайлоолордо,каттоого туруу жана каттоодон чыгууда көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда,себеби алар өз калктуу конушуна катталбастан СОАТЕден каттоодон өткөн айылга катталышып келишүүдө.Азыркы күндө Ош-3000 калктуу конушунда 35тен ашуун үй-бүлө катталып 125 адамдын тегерегинде калк жашайт. Калкынын саны СОАТЕде катталууга коюлуучу талаптарга жооп берет.Ош-3000 калктуу конушу айыл макамын алууга толук укуктуу.»

Сүйлөштү:

Ош-3000 калктуу конушунун тургуну Жияналиев Рустам:

«Мен айыл башчыбыз Апишев Хурвайдын сөзүнө кошуламын.Биздин калктуу конушубузга айыл макамын берүү абдан зарыл,себеби биздин эл шайлоолордо,эл каттоодо жана башка иштерди бүтүрүүдө кыйналып келүүдө.»

Ош-3000 калктуу конушунун тургуну Шафиева Турсунай:

« Бул маселе 2010-2011 жылдары да көтөрүлүп аягына чыкпай калып кеткен,себеби калктуу конуштагы кожолуктун жана калктын саны талапка жооп бербейт дешкен. Урматтуу Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттары биздин калктуу конушка айыл макамын берүү маселесин айылдык кеңештин сессиясында карап ,токтом чыгарып берсеңиздер.»

Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш

                                             Токтом кылат:

  1. Савай-Арык айылынын Ош-3000 калктуу конушун Ош-3000 айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
  2. Ош-3000 калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын,
  3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.

     Төрага:                                                     Төрөгелдиев Камал

       Катчы:                                                     Юсупова Гулчехра