21Сентябрь2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Ак-Таш айылдык кенешинин токтомдору 2016

Ак-Таш айылдык кенешинин токтомдору 2016

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

 

Ак-Таш  айылдык   Кеңешинин  кезектеги  18  сессиясынын  (бешинчи шайланган)

  18 / 1Т О К Т О М У

                                                                      

Жылкелди айылы                                                                                                 22.02.2016-ж

Кара-Суу  районунун  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн

“2015-жылга  жергиликтүү  бюджетинин  аткарылышы

жана  2016-жылдын  бюджеттин  бекитүү” жөнүндө

      Ак-Таш  айыл өкмөтүнүн  2015-жылдагы  бюджетинин  аткарылышы  жана  айыл  өкмөтүнүн  2016-жылга  Кыргыз  Республикасынын  бюджети  жөнүндөгү  мыйзамынын  негизинде, Ак-Таш  айылдык  Кеңешинин  бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясында  талкуланып, депутаттардын  Ак-Таш  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

     1. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше  бөлүгү  2015-жылда  13033,8 миң  сомго, чыгаша  бөлүгү  11658,8 миң  сомго, киреше  бөлүгү  чыгаша  бөлүгүнөн  2136,7 миң  сомго  артыкчылыгы  менен  бекитилсин.

     2. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  бюджетинде  калган  2136,7 миң  сом  өлчөмүндөгү  калдык  кошумча  сметанын  негизинде  жумшалсын.

     3. 2016-жылга  карта  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше  жана  чыгаша  бөлүгү  жалпысы  10845,0 миң сом  анын  ичинен  атайын  счет  2004,0  миң  сом  өлчөмүндө  бекитилсин.

    4. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2017-жылга  карата   планы  11231,0 сом  өлчөмүндө  бекитилсин.

    5. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2018-жылга  карата   11456,5 сомго  жеткирүү  жагы  каралсын.

   6. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2019-жылга  карата   11656,5 сомго  жеткирүү  жагы  каралсын.

    7. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  аппаратында  иштеген  кызматкерлердин  штат  бирдиги  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2013-жылдын  28-июнундагы  №384 Токтомунун  негизинде  жалпы  штат  бирдиги 19  штат  анын  ичинен  3 айыл  башчылардын  штат  бирдиги  (эмгек  акысы  жетектөөчү  адис  коэффициенти  менен), кенже  кызматкерлерге  2 штат  бирдиги  бекитилсин  жана  чинге  кошумча  төлөөлөр  төлөнүп  берилсин.

    8. 2016-жылдын  бюджетин  аткарууда  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  ФЭБнүн  башчысы  Р.Абдиллажановага  жыл  ичинде  бюджетке  өзгөртүүлөрдү  киргизүү, толуктоо  укугу  берилсин. 

    9.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгөө  алуу  жагы  айылдык  кеңештин   бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Ак-Таш  айылдык  Кеңештин  төрагасы:                                                     К.Орунбаев

 

Ак-Таш  айылдык  Кеңешинин  кезектеги  18  сессиясынын  (бешинчи шайланган)

 

№  18 /2 Т О К Т О М У

 

Жылкелди айылы                                                                                       22-февраль  2016-ж

   

“Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жеке-менчик үй

куруу  үчүн  жер  аянтын  ажыратып  берүү 

жөнүндөгү  токтомду  бекитип  берүү  жөнүндө”

          Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  аймагында  туруктуу  жашаган  тургундарына  жеке-менчик  үй  куруу  үчүн  жер  тилкелерин  ажыратып  берүү  жөнүндөгү  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  25.01.2016-жылдагы  №1  токтомун  карап  чыгып  жана  Кыргыз  Республикасынын  Жер  Кодексинин  12,13,32  статьяларына  ылайык,  Ак-Таш  айылдык  Кеңеши  токтом  кылат

ТОКТОМ:

 

1. Жеке-менчик  үй  куруу  үчүн  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  кайра  бөлүштүрүү  фондусунун  Отуз-Адыр  (Беш  үй)  участкасындагы  кайракы  жеринен  76,0 гектар  жер  аянты  ажыратып  берүү  жөнүндөгү  25.01.2016  жылдагы  №1  токтому  бекитилсин.

2. Ушул  токтомду  бекитип  жана  Ош  облустук  мамлекеттик  администрациясына, Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  сунуш  берүү  жагы  Кара-Суу  райондук  мамлекеттик  администрациясынан  суралсын.

        

Ак-Таш айылдык Кенешинин төрөгасы:                                            К.Орунбаев

 

Ак-Таш  айылдык  Кеңешинин  кезектеги  18  сессиясынын  (бешинчи шайланган)

 

№  18 /  3 Т О К Т О М У

Жылкелди айылы                                                                                       22-февраль  2016-ж

   

“Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жеке-менчик үй

куруу  үчүн  жер  аянтын  ажыратып  берүү 

жөнүндөгү  токтомду  бекитип  берүү  жөнүндө”

          Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  аймагында  туруктуу  жашаган  тургундарына  жеке-менчик  үй  куруу  үчүн  жер  тилкелерин  ажыратып  берүү  жөнүндөгү  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  25.01.2016-жылдагы  №1  токтомун  карап  чыгып  жана  Кыргыз  Республикасынын  Жер  Кодексинин  12,13,32  статьяларына  ылайык,  Ак-Таш  айылдык  Кеңеши 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  аймагында  туруктуу  жашаган  тургундарына  жеке-менчик  үй  куруу  үчүн  тизмедеги  ар  бир  жарандарга  0,08 га  жер  тилкелерин  Отуз-Адыр (Беш  үй) участкасынан  ажыратып  тизмеге  ылайык  берилсин.

2.Аткарууга  алуу  жагы  Ак-Таш  айылдык  Кеңешинин  жер  боюнча  түзүлгөн  комиссиясы  жана  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жер  адиси  М.Турсунбаевке  жүктөлсүн.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгөө  алуу  жагы  Ак-Таш  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Бектировко  милдеттендирилси.

        

Ак-Таш айылдык Кенешинин төрөгасы:                                             К.Орунбаев