21Сентябрь2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Жоош айылдык кенешинин 19-сессиясынын токтомдору

Жоош айылдык кенешинин 19-сессиясынын токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара-Суу району Жоош айылдык Кенешинин

кезектеги  XIХ-сессиясы

(бешинчи чакырылыш)

Т О К Т О М       № 19/1      

Большевик айылы                                             20.02.2016-ж.

«Жоош айылдык кенешинин V -чакырылыш кезектеги  XVIII-сессиясынын кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жонундо»

Жоош айылдык кенешинин V -чакырылыш кезектеги  XVIII-сессиясынын кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жонундо Жоош айыл окмотунун жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдируусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш XIХ-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кенешинин V-чакырылыш кезектеги  XVIII-сессиясында кабыл алган 7 токтомдорунун 5 аткарылып, 2 токтом аткарыла электиги белгиленсин жана бул токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларга тапшырылсын. Кийинки сессия бул токтомдордун аткарылышы угулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жоош айылдык кенешинин торагасынын орун басары Д.Кошоковага тапшырылсын.

                  

Жоош айылдык кенешинин торагасы:                  К. Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/2

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылдагы аткарылышы  жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата  бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/2-1

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Жоош айыл өкмөтүнүн  2015-жылдагы стратегиялык онугуу планынын аткарылышы  жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тиллабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы стратегиялык онугуу планынын аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Жоош айыл окмотунун 2016-жылга стратегиялык онугуу планын иштеп чыгуу жагы Жоош айыл окмотунун башчысына милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов


Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М               № 19/3

Большевик айылы                                                     20.02.2016-ж.

«Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө »

 Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата  каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 27884,7 миң сом (анын  ичинен 3900,0 мин сом  атайын каражат) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 40, анын ичинен айыл башчылар 12, ВУС инспектору 4, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис, жетектөөчү адис жана адис - 20 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 16  штат  анын  ичинен  7  маданият  кызматкери, тейлөө  кызматкерлери 9 штат  бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. 

3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2016-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин

4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен жүргүзүлсүн. 

5.  Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан тушуучу каражаттын тартыштыгына байланыштуу, жергиликтуу бюджеттен ар бир бала учун бир кунуно 8 сомдон акча каражаты караласын.

6.Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын, 9 айдын жана жылдын  жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.

7.Жоош айыл өкмөтүндөгү 2015-жылы жумшалбай калган акча каражаты – 991,3 мин сом негизги бюджеттен, 292,5 мин сом атайын каражат кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

8. Жоош айыл өкмөтүнүн кассадагы акча жүгүртүүсү 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

9. 2015-жылдын 20-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын №11-44-2588-15 текшеруунун жыйынтыгы менен жооптуу кызматкерлердин максаттуу пайдаланууга берилген акча каражаты жана анын иштетилуусу жонундогу авансалык отчетторду оз убагында тапшырбагандыгы каралып аларга оозеки турундо эскертуу берилсин жана мындан ары ишиндеги жоопкерчилиги каралсын.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

            Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4

Большевик айылы                          20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (жайыт комитетинин торагасы К.Карабаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин торагасы К.Карабаевдин билдирʏʏсʏн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2016-жылга тʏзʏлгон бюджети 275,0 мин сом олчомʏндо бекитилсин.

2. 2016-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн  шарттуу 1 баш кара малга 115 сом, жаш малга 80 сом, жылкыга 115 сомдон,  1 баш кой-эчкиге 23 сомдон жайыт акы төлөө жагы белгиленсин.

3. 2016-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга 400 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 80 сомдон төлөө жагы бекитилсин.

4. Шарттуу мал башына алынуучу салыктарды жыйноо жана жайыттарды үнөмдүү пайдалануусун, малчылар менен келишим тʏзʏʏнʏ көзөмөлгө алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетине милдеттендирилсин.

5. Жайыт комитети толоп турган жер салыгынын эсебинен жайыттарды кароо ʏчʏн базардан бир баш жумушчу ат сатып алууга 60,0 мин сом акча каражаты болʏнʏп берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4-1

Большевик айылы                                    20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин арызын кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутаты К.Жоробаевдин арызын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик айылында жайгашкан КОСХ чарбасына тиешелʏʏ 17 га бак-даракты “Сарай Ата” кайрымдуулук соопчулук коомдук бирикмесине откорʏп берʏʏ жагы айылдык кенештин компетенциясына кирбегендиктен бул маселени чечʏʏ ʏчʏн Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясына кайрылуу жагы сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы                        К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4-2

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы балдар бакчасынын башчысы Н.Турдумаматованын арызын кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы балдар бакчасынын башчысы Н.Турдумаматованын арызын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Сарай орто мектеби 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титироонʏн кесепетинен жараксыз абалга келгендиктен 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен мектептин имараты курулуп жаткандыктан, республикалык бюджеттин акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу бир эле мезгилде бир айылга мектеп жана балдар бакчасын курууга мʏмкʏн эместиги белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4-3

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик жана Агартуу айылдарынын тургундарынын К.Исмаилов, А.Ырысовдордун арыздарын арызын кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик жана Агартуу айылдарынын тургундары К.Исмаилов, А.Ырысовдордун арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Большевик айылынын тургуну К.Исмаиловдун жана Агартуу айылынын тургуну А.Ырысовдун айыл өкмөтүнүн кайра болʏштʏрʏʏ фондунун жерлеринен 5,0 гектардан жер иштетип, салыктарын, ижара акыларын, соцфонд толомдорʏн оз убагында толоп жаткандыгын жана бул жерге жаныдан коп жылдык беде эгип алгандыгын эске алып, Жоош айылдык кенешинин алдындагы  айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде ижарага пайдалануу моонотʏ 7 жылга узартып беруу жагын кароо Жоош айыл окмотуно милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4-4

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы “Элчибек” ветсервисинин башчысы Э.Токтосуновдун, “Султан-Наз” СПАнын жетекчиси С.Мамаюсупованын арызын кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы “Элчибек” ветсервисинин башчысы Э.Токтосуновдун жана “Султан-Наз” СПАсынын жетекчиси С.Мамаюсупованын арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык пункт ачуу ʏчʏн Кызыл-Кошчу айылына бурула беришинен 0,08 га жер аянты ажыратылып берилгендиги белгиленсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлоо боюнча башкы адиси Ж.Жоробаевге  мал, койлорду эмдоонʏн, жасалма жол менен уруктандыруунун тарифин иштеп чыгуу жана мал-кой баккан малчылар менен келишим тʏзʏʏнʏ ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин.

3. Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы “Султан-Наз” СПАсы хозрасчеттук ишкана болгондуктан айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын болʏп берʏʏго мʏмкʏн эместиги белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М                № 19/4-5

Большевик айылы                                                                20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А.Акуновдун жана Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын арызын кароо жөнүндө) »

 Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А.Акуновдун жана Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А.Акуновдун жазган арызын карап иликтеп чыгуу жагы Жоош айылдык кенешинин алдындагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана китеп чыгаруу учун акча каражатын болуп беруу китепкана фондунун эсебинен жургузулсун.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын кызы Жумаханова Асеманын операциясы ʏчʏн акча каражатын Жоош айыл окмотʏнʏн резервдик фондунан ажыратып берʏʏ жагы Жоош айыл окмотʏнʏн башчысына сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы               К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М              № 19/4-6

Большевик айылы                                                                          20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы толоо менен торук (аукцион же конкурс) жана туз сатуу аркылуу беруу учун комиссия тузуу жөнүндө) »

 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун 23.09.2011-ж. № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун беруунун тартиби жана шарттары жонундогу типтуу жобонун негизинде Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун 23.09.2011-ж. № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун беруунун тартиби жана шарттары жонундогу типтуу жобонун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы толоо менен торук (аукцион же конкурс) жана туз сатуу аркылуу беруу учун томондогудай курамда комиссия тузулсун:

  1.  
Жоробаев О.

Жоош айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын торагасы

Комиссия мучолору:

  1.  
Исмаилов К. Жоош айылдык кенешинин депутаты
  1.  
Алимбетов М Жоош айылдык кенешинин депутаты
  1.  
Абдыкадырова Т. Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
  1.  
Насырова Б. Жоош айыл өкмөтүнүн салык инспектору
  1.  
Гайыпов А. Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
  1.  
Жаанбаев О. Жоош айыл өкмөтүнүн озгочо кырдаалдар боюнча башкы адиси
  1.  
Мавлянова П. Жоош айыл окмотунун аялдар кенешинин торайымы
  1.  
Айыл башчылар  

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы                                            К.Бердикулов

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  ХIХ -сессиясы

(бешинчи шайланган)

Т О К Т О М              № 19/4-7

Большевик айылы                                                                          20.02.2016-ж.

«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин торуктар (аукцион же конкурс) жана туз беруу аркылуу ижарага беруу учун комиссия тузуу жөнүндө) »

 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 29.06.2007-ж. № 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин  ижарага беруу шарттары жана тартиби жонундогу типтуу жобонун негизинде Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 29.06.2007-ж. № 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин  ижарага беруу шарттары жана тартиби жонундогу типтуу жобонун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин торуктар (аукцион же конкурс) жана туз беруу аркылуу ижарага беруу учун томондогудай курамда комиссия тузулсун:

  1.  
Жоробаев О.

Жоош айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын торагасы

Комиссия мучолору:

  1.  
Исмаилов К. Жоош айылдык кенешинин депутаты
  1.  
Алимбетов М Жоош айылдык кенешинин депутаты
  1.  
Абдыкадырова Т. Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
  1.  
Насырова Б. Жоош айыл өкмөтүнүн салык инспектору
  1.  
Гайыпов А. Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
  1.  
Жаанбаев О. Жоош айыл өкмөтүнүн озгочо кырдаалдар боюнча башкы адиси
  1.  
Мавлянова П. Жоош айыл окмотунун аялдар кенешинин торайымы
  1.  
Айыл башчылар  

2. Жоош айыл окмотундо айыл чарба желерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын иш регламенти бекитилсин.

3.Жоош айыл окмотундо айыл чарба желерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча Келечек планы бекитилсин.

4. Жоош айылдык кенештин аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилуучу айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасынын мооноттору жана олчомдору томонкудой белгиленсин:

Жоош айыл окмотунун айыл чарба жерлери боюнча инвентаризациялык иш материалдарына жана Келечек планына ылайык, ижарага берилуучу айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин милдеттуу турдо жерди натыйжалуу пайдалануу жана бардык агротехникалык талаптарды сактоо шартында:

- сугат айдоо жерлери 5 (беш) жылдык кыска моонотто, жердин жайгашкан ордуна карата 1 (бир) гектарга чейинки жана 1 (бир) гектар олчомундо;

- кайракы айдоо жерлери 5 (бештен) 7 (жети) жылга чейинки кыска моонотто, жердин жайгашкан ордуна карата 5 гектарга чейинки жана 5 (беш) гектар олчомундо;

- коп жылдык бак дарактар 10 (он) жылга чейинки жана 10 (он) жылдык орто моонотто, жердин жайгашкан ордуна карата 3 гектарга чейинки жана 3 гектар олчомундо;

- жакшыртуу учун инвестицияларды талап кылуучу жерлер, т.а. талап болбогон жерлер 50 (элуу) жылга чейинки узак моонотто, жердин жайгашкан ордуна карата 5 (беш) гектарга чейинки жана 5 (беш) гектар олчомундо белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы                                            К.Бердикулов

Кара-Суу   району    Жоош айылдык  Кенешинин

                                                             кезектеги    ХIХ - сессиясы     

                                                              (  бешинчи  шайланган  ) 

          

                                                          Т О К Т О М                 № 19/4-8

Большевик   айылы                                                          «20»  февраль  2016  жыл.

«Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-абад жана Баткен областтары  боюнча  аймактык болунуншунун Жоош айыл  окмотунун бюджетинин тузулушуно жанан аткарылышына жургузулгон аудиттин жыйынтыгы  жонундо»

                                                            

Жоош айылдык Кенеши  Жоош айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин тузулушу жана анын аткарылышы  боюнча  жургузулгон  аудиттин   жыйынтыгын  карап   чыгып,Жоош айылдык Кенешинин бешинчи шайланган кезектеги  ХIХ –сессиясы

                                                    ТОКТОМ   КЫЛАТ  :

1.Айыл окмотунун балансасында  жалпы эсептешуучу  каражат катары активинин эсебине кирбей калган 227,5 мин сом ижара акысы боюнча карыз  толугу менен квитанциялардын негизинде   ондурулсун жана кемчиликке жол берген салык болумунун башкы адиси Б.Насыровага оозеки турундо эскертуу берилсин.

2.Максатсыз  чыгымдалган   6,0  мин сом  акча каражаты жергиликтуу бюджеттин сметасына ылайык статьясына коюлсун жана белгиленген убакытта керектелинуучу иш кагаздарын тапшырбаган айыл окмотунун кызматкерлери А.Аматова жана Т.Абдыкадыроваларга биринчи жолу оозеки турундо эскертуу берилсин.

3.Тендер  откозуу учун документтер толук кандуу ,башкача айтканда КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жонундогу» мыйзамына  толугу менен жооп берилбегендиктен мындан ары мыйзамга ылайык иш алып баруусу  жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы экономика,финансы,бюджет,соода жана ишмердуулук боюнча комиссияга тапшырылсын.

Жоош айылдык  Кенешинин  торагасы  :                       К.Бердикулов