25Май2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР № 21/3 ТОКТОМУ Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХI-сессиясы (төртүнчү шайланган)

№ 21/3 ТОКТОМУ Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХI-сессиясы (төртүнчү шайланган)

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХI-сессиясы 
(төртүнчү шайланган)

№ 21/3 ТОКТОМУ

Большевик айылы

31-май 2012-ж.

«Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциацияларынын 2011-жылдагы аткарган иштери жана 2012-жылга милдеттери жөнүндө»

 Жоош айылдык кенешинин алдында түзүлгөн айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү О.Жаанбаев жана У.Туркбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кенешинин  кезексиз 21-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Султан-Наз», «Конурат-Юг», «Жоош-Канал», «Кызыл-Кошчу-Суу», «Кызыл-Сарай-Суу» (Туркбаев У), «Ражап-Суу», “Маданият-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын, «Абзел» ИСКАКБ  2011-жылда аткарган иши докладчынын билдируусу жана депутаттардын сунуштарынын негизинде канааттандырарлык деп белгиленсин.

  2. Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жетекчилерине 2011-жылда кетирилген кемчилдиктерди ондоо, элди үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу, пайдаланылган сугат суу төлөмдөрүн өз убагында өндүрүү жана каналдарды, СПАга тийиштуу болгон арыктарды өз убагында сапаттуу чаптырууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

  3. Пайдаланылган сугат суу төлөмдөрүнүн көлөмүн жер салыгынан ашырбоо, сууга төлөнгөн акча каражаттарын өз убагында банкка төгүп кириштөө жагы СПАлардын жетекчилерине милдеттендирилсин, убагында жогорудагы пункттарды аткарбаган СПАнын жетекчилерине катуу чара көрүлө тургандыгы эскертилсин жана 2012-жылдын сентябрь айындагы айылдык Кенештин сессиясында кароо жагы сунушталсын.

  4. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жоош айылдык 
кеңешинин төрагасы

А. Үтүров