Кара Суу да мугалимдердин августь конференциясы өттү
- Post 24 Август 2016
2016-жылдын 24-августунда Ош шаарындагы Билим берүү кызматкерлеринин “Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу: жаңы жагдайлар жана жаңы чечимдер“ аттуу Август Конференциясы өттү. Программага ылайык анда ОШББнын 2015-16-окуу жылында аткарган иштерин чагылдырган көргөзмө, 2016-17-жаңы окуу жылына карата жана алдыдагы милдеттер туралуу милдеттери жөнүндө презентация, ата-энелердин, мугалимдердин жарыш сөздөрү, суроо сунуштар айтылмакчы.
Бул конференцияда учурдагы билим берүүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлөрү талкууланып, ага жараша чечимдер кабыл алынат.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган Август конференциясына катышып, окутуу-тарбия иштериндеги алгылыктуу иш чаралар менен катар, алдыдагы чечилүүчү көйгөйлүү маселелердин негизинде пикирлер алмашылып
Мектеп директорлоруна ардакту грамота жана акчалай сыйлыктар берилди!