05Декабрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР Евро-2016: Европа чемпиону болгон Португалия чемпиондук наам менен катар 25,5 миллион еврого "байыды"

Евро-2016: Европа чемпиону болгон Португалия чемпиондук наам менен катар 25,5 миллион еврого "байыды"

Европада футболго өтө чоң каражат салынарын билебиз. Мисалы, Криштиану Роналду жарнамадан түшкөн каражаттарды эсепке албаганда, акыркы сезондо 53 миллион евро тапкан. Бул анын маянасы жана жараткан голдору, берген натыйжалуу пастары, өткөргөн оюндары үчүн алган суммасы. Португалия курамасы Европаны багынтуу менен 25,5 миллион евро тапты. Албетте, мелдеште башкы максат - кубок жана медалдар. Ошентсе да каражаттарга токтоло кеткенибиз оң.

Ал эми 2-орунду ээлеп калган Франция курамасынын казынасына 23,5 миллион евро төлөнөт. Жалпысынан мелдешке катышкан 24 командага 8 миллион евродон каражат каралган. Калган каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн: тайпалык баскычта 1 жеңиш үчүн - 1 миллион евро; тең чыгуу - 500 миңден евро. Жарым чейрек финалга чыккандарга - 1,5 миллион евро; чейрек финалчыларга - 2,5 миллион евродон; жарым финалчыларга 4 миллион евродон каралган. Ал эми финалда утуп чыккан Португалия курамасы 8 миллион евро каражат алса, Франция 5 миллион евро алды. Жалпысынан мелдеште Португалия – 25,5 миллион евро, Франция – 23,5 миллион евро, Германия – 18,5 миллион евро, Уэльс – 18 миллион евро, Польша 14,5 миллион евро иштеп тапты. Тайпада акыркы орунду ээлеп калган Орусия курамасы 8,5 миллион евро алды. Бул мелдештеги эң начар көрсөткүч. Мелдештин жалпы байге фонду 301 миллион еврону түзгөн.