06Декабрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР Тажикстан ЕАЭБге ашыкпайт

Тажикстан ЕАЭБге ашыкпайт

Орусия Думасынын комитет төрагасы Тажикстан жакынкы күндөрү ЕАЭБге кирүүгө арыз берет деп билдирүү таратты. Бирок тажик бийлиги кирүүгө ашыкпасын, ириде Кыргызстан менен Армениянын тажрыйба, жагдайларын иликтерин белгилеп, өз шарттарын коюуда.

Орусия Мамдумасындагы экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жакында КМШ өлкөлөрү ичинен Тажикстан ЕАЭБге кирүүгө өзгөчө кызыкдар болуп жатканын билдирген.

Слуцкий азыр тажик экономикасы биримдикке мамыр-жумур болууга даяр эмес, бирок кошулса өнүгүүгө жол алып, өзгөчө эмгек миграциясына байланышкан маселелери чечилерин белгиледи.

Бирок Тажикстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров анын айтканын жокко чыгарып, азыркы жагдайда Тажикстан ЕАЭБге ашыкпасын айтты:

- Эгер Орусия Тажикстан биримдикке мүчө болгон биринчи жылдары күтүлгөн чыгымдардын ордун толтуруп берсе, эч кандай маселе жок. Тагыраак айтканда, бюджетибизге түшүп турган бажы алымдарынын көлөмүн толуктап турушу керек. Анткени уюмга мүчө болгондо бажы алымдары түшпөй калат.

Быйылкы бюджетке бажыдан 685 млн сомони түшөрү эсептелген. Бул 6 млрд сомго жакын акча. Экономисттердин эсебинде, Тажикстан биримдикке кирсе, бул сумманын ири бөлүгү бюджетке түшпөй калат.

Экинчиден, орус товарлары өлкөнү каптап, атамекендик өндүрүш ага такат бере албай калат, деген коркунуч да күч. Мындай абал Кыргызстан эле эмес, Казакстанда да байкалууда дешет тажик эксперттери.