25Май2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР Большевик айылында жыл сайын өткөрлүүчү волейбол турнири болуп өттү

Большевик айылында жыл сайын өткөрлүүчү волейбол турнири болуп өттү

Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана Ысмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду Жоош айылдык аймагынын Большевик айылында жыл сайын өткөрлүүчү волейбол турнири болуп өттү. 

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп бул жылы бир гана волейбол боюнча эмес футбол боюнча да турнир старт алды. 
Турнирде 6-май күнү спортчулар мелдешти баштап, командалар арасында тандоо боюнча оюндар болуп, 7-майга женүүчүлөр финалга чыгып, райондун волейбол боюнча курама командасы республикалык курама командасынын женүүсү менен башталды.

Жаны футбол аянтынын ачылышы жана волейбол боюнча турнир Матраимов Исмаил аксакалдын элесине жана 9-май улуу Ата-Мекен жениш күнүнө арналып, районубуздун баардык айылдык аймактарынан 40 спорттук команда, аксакалдар, айылдык кенештердин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Премьер Министри Темир Сариев, Икрамжан Илмиянов, ИИМ министри Турганбаев Мелис, ЖК депутаттары, Кадрлар Кызматынын башчысы А, Карашев, Ош шаарынын мэрии А. Кадырбаев жана Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жээнбеков Сооронбай Шарипович жана Ысмайыл Матраимов кайрымдуулук фондусунун мүчөсү Искендер Исмаилович жана райондун башчысы Тилекбек Исмаилович катышышты.

Салтанаттын алкагында премьер министр райондун 22 согуш ардагерине өз белектерин тапшырды жана президенттин куттуктоосун айтып өттү

Волейбол: 
I - орун «Папан» айылдык аймагы- 100 мин сом
II – орун «Отуз-Адыр» айыл аймагы- 70 мин сом
III – орун «Сава2» айылдык аймагы - 50 мин сом
IV – орун «Сарай» айылдык аймагы - 30 мин сом

Футбол: 
Судья Бахадыр Кочкоров
I - орун «Сарай» айылдык аймагы- 55 мин сом
II – орун «Савай» айыл аймагы- 35 мин сом
III – орун «Кара-Суу» шаары - 25 мин сом